Ош облусунда пахтанын баасы эки эсе көтөрүлдү

Ош облусунда пахтанын баасы эки эсе көтөрүлдү.

Бул тууралуу Араван райондук администрациясынын

агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка

караганда, былтыр ушул эле убакта пахтанын килограммы

40 сомдон сатылган. Ал эми учурда Араванда биринчи терим бүтүп,

пахта 95 сомго жетти. Ош облусунда быйыл жалпысынан

8 миң 158 гектар жерге пахта эгилген. Бирок пахта талаалары

былтыркыга салыштырмалуу 1,5 миң гектарга азайды.