Кыргызстан көлү дүйнө элинин кароосунда

Кыргызстан көлү дүйнө элинин кароосунда.

Reuters эл аралык агенттиги тоңгон Ара-Көл көлүнүн видеосун жарыялады.

Билдирүүдө, бул жерге күнүнө миңдеген адам кооздукту көрүү үчүн келет жана

ал Кыргызстандагы эң чоң муз тебүүчү аянт деп жазылган. Белгилеп кетсек,

кышында көл толугу менен тоңот, муздун калыңдыгы 60 сантиметрге жетет.

Ара-Көл Кочкор районунда, борбордон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Акыркы убакта активдүү эс алууну каалоочулар арасында

бул жер өзгөчө популярдуу болуп келет.