Жогорку Кеңеш кийинки жумада башкы мыйзамдын жаңы долбоорун карайт.
Парламент төрагасы Талант Мамытовдун айтымында, жыйын 17-февралда өтөт.
Башкы мыйзамдын долбоору келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен каралат.
Эске салсак, өлкөнүн башкы документинин жаңы редакциясы парламент сайтында жарыяланды.
Документ коомдук талкууга чыгарылган. Жарандар өзүнүн сын-пикир жана
сунуштарын белгиленген номурга 9-мартка чейин билдирсе болот.