Бирдиктүү салык декларациясын 130 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, буга юридикалык жактар дагы, жеке жактар дагы кирет.
Ал эми 1-апрель жеке жактар үчүн декларация тапшыруунун акыркы мөөнөтү.
Былтыркы жылдагы кирешелери жөнүндө отчетторду мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырышы керек.