Кыргызстан мектептерин быйыл 60 миңдей окуучу аяктайт. Бул былтыркы көрсөткүчкө эле теңелет, анын 45-47 миңге жакыны жалпы республикалык тестирлөөгө катышат деп күтүлүүдө, — деп Novosti.kgге Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батраекеева билдирди.
Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Онлайн же кадимки тартипте катталуу 6-апрелге чейин созулат.