Бишкектин борбордук бөлүгү эртең унаа кыймылына жабылат. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, эртең мененки саат 7ден түшкү 12ге чейин Чүй проспектисинин Орозбековдон Эркиндик бульварына чейинки тилкеси жана Эски аянттын Орозбеков-Эркиндик бөлүгү тосулат.
Бул Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу.