Кыргызстандын бардык окуучулары учурда аралыктан билим алып жатат

Кыргызстандын бардык окуучулары учурда аралыктан билим алып жатат. Билим берүү министрлиги тиешелүү буйрукка кол койду. 1-класстын окуучулары дагы үйдөн окушууда.

 

Мындай окуу форматы өлкөдө абал толугу менен турукташмайынча сакталат, — дешти ведомстводон. Эске салсак, 1-класстын окуучулары 1-сентябрдан тарта мектепте билим алып жатышкан. Ал эми 6-октябрда парталарга 2-6-класстын окуучулары кайтып келмек.