Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 1 миң 500 автобусту насыяга алуу демилгесин жактырды

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 1 миң 500 автобусту насыяга алуу демилгесин жактырды.

 

Келишимге ылайык, Европа өнүктүрүү жана калыбына келтирүү банкы 33 миллион долларды 12 жылга берет.

 

Анын 25 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат. Бишкек мэриясынын эсебине ылайык, ордо калаага 1 миң 700 автобус зарыл, учурда каттамга жүзгө жетпегени чыгат.