Кыргызстан мектептеринде акыркы коңгуроо кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз

Кыргызстан мектептеринде акыркы коңгуроо кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Эске салсак, мектептерде быйыл окуу жылы салттуу негизде 25-майда аяктайт. 11-классты 61 миңден ашык окуучу аяктап жатат.