Медицина кызматкерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектен 182 дарыгер пансионатта 7 күн бою ден-соолугун чыңдап, эс алып келет.
Ведомстводон белгилешкендей, алар коронавирустун очогунда иштеп, өздөрү дагы ооруп, айыккан кызматкерлер.