Назирбек Бөрүбаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Назирбек Бөрүбаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.  Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Бөрүбаев мамлекеттик долбоорлоо институтунда  чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.