Бажы кызматы жыл аягына чейин “Санарип тамга” системасын бардык өткөрүү түйүндөрүнө киргизет

Бажы кызматы жыл аягына чейин “Санарип тамга” системасын бардык өткөрүү түйүндөрүнө киргизет. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын декабрь айынан бери сыноо ирээтинде аталган система “Достук” өткөрүү түйүнүндө ишке киргизилген.

 

Учурда жаңы портал түзүлүп жатат. Анда Кыргызстан аймагына бажы аркылуу киргизилген товар жана унаалар тууралуу бардык маалымат камтылат.