“Тазалыктын” 600дөн ашык кызматкери Бишкек көчөлөрүн кардан тазалап жатат. Мэрия маалыматына ылайык, иштерге ошондой эле жол-экплуатациялык башкармалыктын 30 өкүлү жана 38 даана атайын техника тартылды.
Ордо калаа бийлиги айдоочуларды унааларын жолдун четине калтырбоого чакырат, алар техникага кар тазалоого тоскоолдук жаратууда.