Бул жумада мектеп окуучулары жайкы каникулга тарашат

Бул жумада мектеп окуучулары жайкы каникулга тарашат. 9-июнда өлкө мектептеринде Акыркы коңгуроо кагылат. Белгилеп кетсек, окуу жылы 15-сентябрда башталгандыктан, быйыл окуучулар 25-майга чейин эмес, 8-июнга чейин билим алат.

 

Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, 9-июнда кафе-ресторандарда, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда жана мектеп имаратында майрамдоого тыюу салынат. Бул буйрукту аткарбагандар аныкталса, катуу чара көрүлөт.