Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү бекеттери ачылат

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү бекеттери ачылат. Макулдашуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев жана Аскар Мамин ортосунда жетишилди.

 

Ага ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы түйүндөр ачылып, жүк ташуулар тоскоолдуксуз жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кезек күткөн жүк ташуучулардын саны 300дөн ашууда. Буга казак тараптын текшерүү процесси күчөтүлгөнү себеп болду.