Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте нөөмөт жүргүзүүдө

Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте нөөмөт жүргүзүүдө. Кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак тилкесинде абал чыңалуу, — дешти  УКМКнын Чек ара кызматынан.

 

Маалыматка ылайык, тажикстандыктар түнкү саат 3тө Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына миң метр кирип келген. Тилкеде аскердик техника топтолгону байкалды.

 

Учурда контейнер ошол бойдон турат, бирок тажикстандыктар 600 метрге артка кайтышты. Тажикстандын расмий өкүлдөрү байланышка чыкпай жатат, — дешти ведомстводон.