Иранда калган Кыргызстандык айдоочуларды Казакстан өткөрө баштады

Иранда калган Кыргызстандык айдоочуларды Казакстан өткөрө баштады.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда казак-орус чек ара

көзөмөл бекетинен 25 жүк ташуучу унаадан турган биринчи колонна өткөрүлдү.

Алар Казакстандын Кайгуул милициясынын коштоосунда Кыргызстанды

көздөй бет алышты. Казак тарап транзиттик коридорду кыргызстандык

жүк ташуучулар үчүн гана түзүп берди жана бул бир жолку акция.

Эске салсак, буга чейин жүк ташыган айдоочулар Иран чек арасын

жапкандыктан чыга албай калышкан. Кийин ведомство бул маселени

көзөмөлгө алып, Иранда калган айдоочуларды Иран-Азербайжан

чек арасын көздөй бет алганын билдирген.