Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28 чакырымын макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык делегациясы кыргыз-тажик чек арасынын 28 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

 

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу 24-марттан 29-мартка чейин Баткен облусунда болгон. Кийинки ирет тараптар Тажикстандын аймагында жолугуп, калган участокторду такташат.