Жогорку Кеңеш депутаттары Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелеринин делимитациясы боюнча макулдашууну 3 окууда жактырды. Биринчи жана үчүнчү окууларда 64 депутат макул, 19 депутат каршы болду.
Экинчи окууда 62 эл өкүлү макулдашууну колдоп берсе, 21и каршы чыкты. Жалпысынан отурумга 83 депутат катышты.