Бишкектин быйылкы бюджети 32,5 млрд сом болуп бекитилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 29-мартта 2024-жылдын консолидацияланган бюджетин бекитти. Ага ылайык, быйыл борбор калаанын киреше жана чыгаша бөлүгү 32,5 миллиард сомдон ашат.

 

Мунун ичинен Бишкек шаары өзү быйыл 24,5 млрд сомдон ашык каражатты табат. Анын 16 млрд сомдон көбү салыктык кирешелер, 2 млрд сомдон ашыгы салыктык эмес кирешелер жана 6 млрд сомдон ашыгы активдер менен милдеттенмелерден келет.

 

Республикалык бюджеттен быйыл шаарга 7 миллиард сом бөлүнөт. Анын 4,3 млрд сому автобустарды сатып алууга, 2,5 млрд сому Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашаларын жабууга жана 54,9 млн сому “Коопсуз шаар” долбоорун камсыздоого жумшалат.

Мындан сырткары мэрия шаарга кошулуп жаткан айыл аймактарын каржылоо үчүн 868 млн сом алат.

 

2023-жылы Бишкек шаарынын бюджети 22 млрд 869,5 млн сом деп бекитилген. Жыл жыйынтыгында калаанын өзүнүн кирешеси 23 млрд 185,7 млн сом менен чыккан. Мэрия былтыр ошондой эле конкреттүү максаттар үчүн республикалык бюджеттен 7 млрд 192,3 млн сом каражат алган.