Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги абал туруктуу

Бул тууралуу Novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

 

Белгилүү болгондой, учурда эки өлкөдөгү дээрлик бардык өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.

 

Ал эми Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге өтүүсүнө чектөө азырынча алына элек. Ушул тапта чек арада жарандардын жана транспорттун тыгыны байкалган жок.