Кыргызстан россиялыктар эс алууга көп каттаган мамлекеттердин катарына кирди

Кыргызстан россиялыктар эс алууга көп каттаган мамлекеттердин катарына кирди. Бул туурасында РИА Новости  саякаттоонун бирдиктүү реестрине шилтеме берип жазды.

 

Сервистин адистери россиялыктардын чет мамлекетке баруу үчүн алган авиабилеттерин карап, туристтер үч жума жана андан көп мезгилде кайсы шаарларга бара турганын анализдешкен.

 

Рейтингдин сап башына Таиланд чыкты. Мыкты он өлкөнүн катарына КМШ мамлекеттеринен Армения, Казакстан жана Кыргызстан кирди.