Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсү уюму жаңыланган рейтингин жарыялады. 2020-жылдын биринчи рейтинги былтыр өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн.
Анда Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болгон. Аталган рейтинг Олимпиада оюндарында таразага түшүүдө таасир этет.