Кыргызстан таэквондо боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль алды

Кыргызстандык спортчулар таэквондо GTF боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль багындырды.

Бул тууралуу өлкөнүн таэквондо федерациясынан билдиришти.

Казань шаарында 28-сентябрдан 3-октябрга чейин эл аралык мелдеш өтүп, ага 16 өлкөдөн 750дөн ашык спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан 19 спортчу барып, 30 медаль багындырды.

Анын ичинен 18и алтын, 9у күмүш жана 3өө коло медаль.