Жогорку Кеңеште жаңы “Мекенчил” тобу түзүлдү

Жогорку Кеңеште жаңы “Мекенчил” тобу түзүлдү.

Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Ал “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бир мандат менен шайланып келген депутаттар бөлүнүп чыккандыгын айтты.

“Биз “Мекенчил” деген топ түздүк.

Азыр 14 депутат кирди.

Муну спикер келгенде айтайын дедим эле, Жамиля Кубанычбековна.

Биздин топко катчылык түзүп, камсыздап бериңиз (ред.: Жамиля Исаевага кайрылуу)”, — деди ал.