“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына жаңы лидер дайындалды

Депутат Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын кезектеги жыйынында фракциянын лидери катары Бакыт Сыдыков дайындалды.

Белгилеп кетсек, аталган фракциянын мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды.

Ал эми парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты.