Катардык кайрымдуулук уюм чектеш аймакта чыккан чыр-чатактан жабыр тарткандарга 100 миң долларга турак жай куруп берүү ниетинде.
Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей,
Катардык уюм тарабынан аймакка гуманитардык жардам берилди. 2 миң үй-бүлөгө 110 тонна азык-түлүк тапшырылды.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 190 адам жабыр тартты. Анын 57си бүгүнкү күндө ооруканада дарыланып жатат.
36 жаран каза тапты. 40 миңден ашык жергиликтүү тургун окуя катталган жерден эвакуацияланды.