Ош шаарында таза суу берүү калыбына келтирилди

Ош шаарында таза суу берүү калыбына келтирилди.

Бул тууралуу Novosti.kgге түштүк калаанын “Суу канал” ишканасынан билдиришти.

Андан белгилешкендей, бүгүнкү күндө Масалиев, Өзгөн көчөлөрүндөгү үйлөргө жана

шаардын батыш тарабындагы райондордо таза суу үзгүлтүксүз берилип жатат.

Эске салсак, өткөн жумада Ош шаарында нөшөрлөп жаан жаап, андан улам

Папан суу сактагычы тарапта сел жүргөндүктөн, Ак-Буура дарыясы ылайланып,

суу берүү токтотулган. Мындан улам “Суу канал» ишканасы

жашоочуларга водовоз менен суу ташып берди.