Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи орун алды

Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи орун алды.

Ага окурмандар добуш беришти. Кыргызстан «Туристтик каттамдары өнүгүп келе жаткан

өлкөлөр» наамында алтын сыйлыкты утту. Байгени тапшыруу аземине Кыргызстандын

Британиядагы элчиси Эдил Байсалов катышты. Аталган басылма жүргүзгөн сынакта

«Мыкты туристтик өлкө», «Мыкты шаар», «Мыкты аэропорт» жана башка 11 номинация боюнча

жеңүүчүлөр аныкталды. Аталган журнал жылына он ирет, 40 миңден 80 миң нускага чейин жарык көрөт.