Ош шаардык маданият башкармалыгынын астында оркестр жана комузчулардын тобу түзүлөт.
Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Жапар Осмонов билдирди. Анын айтымында,
аталган топ алгачкы ирет түзүлүп жатат. Ага калаа бюджетинен 1 миллион сом бөлүнөт.
Ошондой эле маданият кызматкерлеринин айлык маселеси учурда чечилди, — деди Осмонов.