Бишкектин айрым аймактарында газ 4 күнгө өчүрүлөт.
Бул тууралуу “Газпром” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17 жана 18 февралда Анкара көчөсүнүн
айрым жерлеринде көгүлтүр от берүү чектелет. Ал эми 18инен
20-февралга чейин Москва, Токтогул, Логвиненко жана Панфилов
көчөлөрүнүн кээ бир тилкелеринде газ болбойт.
Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.