Кыргызстан жана Россия почталары корпоративдик кардарларга жүк жеткирүүнүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча макулдашты

Кыргызстан жана Россия почталары корпоративдик кардарларга жүк жеткирүүнүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча макулдашты.

 

Россия Почтасынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Россиядан Кыргызстанга посылка жеткирүүнүн баасы эки эсе арзандайт, алсак, 1 килограммга чейинки жүктү жеткирүү кызматы 1 миң 46 эмес, 498 рублду түзүп калат.

 

Ар бир кошулган килограмм үчүн 182 рублдун ордуна 96 рубль бериш керек болот. Жакынкы арада Кыргызстан дагы Россияга жүк ташуу кызматын арзандатууну пландап жатат.