Бишкекте түштүк менен түндүктү байланыштырган веложолчо пайда болот.
Бул тууралуу АКИpress агенттигине вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди.
Анын айтымында, веложолчо Түштүк магистралдан Чынгыз Айтматов
проспектиси менен Чүй проспектисине чейин, андан Абдрахмановго
чейин өтүп, Байтик Баатыр көчөсү аркылуу Түштүк магистралга чейин салынат.
Ал 1-июнда эксплуатацияга берилип калат. Веложолдун туурасы 4,5 метр болот.
Азыр эски бактарды алуу иштери жүрүүдө.
Ушул жуманын аягында жумуштар башталат», — деди Амантуров.