Калаа бийлиги Ош базардын айланасындагы унаа токтоочу жайларды иретке келтирүүдө

Калаа бийлиги Ош базардын айланасындагы унаа токтоочу жайларды

иретке келтирүүдө. Мэриянын маалыматына караганда, милициянын

кайгуул кызматы жол кыймылына тоскоолдук жаратып, туура эмес

токтотулган унааларды эвакуациялады. Иштердин жыйынтыгында

жол тыгындары азайып, трассанын кыймылында тоскоолдуктар болбой калды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, аталган кызмат шаар көчөлөрүндө

ар дайым көзөмөл-нөөмөтүн жүргүзүп жана алар туура эмес

токтотулган унааларга протокол толтурушат.