“Унаа” мамлекеттик ишканасынын 2 бөлүмү убактылуу ишин токтотту.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Алай жана Аксы райондук секторлору
10-августка чейин карантинге жабылды. Жарандар унааларды каттоо кызматтары жана
айдоочулук күбөлүккө квалификациялык экзамендерди тапшыруу боюнча башка
аймактык бөлүмдөргө кайрылса болот. Алар кадимки режимде иштеп жатат.