Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүндө оңдоо иштери декабрда жыйынтыкталат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүндө оңдоо иштери декабрда жыйынтыкталат.

 

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине пунктту заманбап техника менен камсыздоо дагы кирет.

 

Белгилеп кетсек, түйүн аркылуу күнүнө 1 миң адам жана миңден ашык унаа өтөт. Ремонттон кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки эсе чоңоет. Калыбына келтирүү иштерине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү.