Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө бүгүн эртең мененки маалыматка ылайык 80 жүк ташуучу унаа кезекте турат, — деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.

 

Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулардын Казакстан биздин унааларды өткөрбөй жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Жүк ташуучу унаалардын топтолуусу алардын саны көп болуп кеткенине жана экономикалык ишмердүүлүк активдешкенине  байланыштуу.