Кыргызстан жашоо үчүн эң арзан өлкөлөрдүн үчилтигине кирди.
Эксперттер тизмени түзүүдө турак-жайдын ижара акысын, коммуналдык кызматтарды,
тамак-аштын, кийим, коомдук унаалардын жана эс алуунун баасын карашты.
Жалпысынан 135 өлкө изилденди. Биздин республика 133-сапта жайгашты.
Кыргызстандан кийин Индия турса, акыркы катарды Пакистан бекитти.
Ал эми жашоо үчүн эң кымбат шаарлар деп Бермуд аралдары,
Швейцария, Норвегия, Исландия жана Япония аталды.