5-августта Жерге көлөмү чоң астероид жакындайт

5-августта Жерге көлөмү чоң астероид жакындайт.

Бул тууралуу NASA уюмуна шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, астероиддин эң жакын келген жери Ай менен Жердин ортосундагы

аралыктан жети эсе чоң болот. Бул учур Бишкек убактысы менен саат кечки 22.35ке туура келет.

Белгилеп кетсек, астероид 2009-жылы 14-августта табылган. Ал «Аполлон» тобуна кирет,

тагыраагы, анын учуу жолу Жердин орбитасы аркылуу өтөт.

Кийинки жолу биздин планетага 2137-жылы жакындайт.