Кыргыз сому 60 эсе кымбат сатылууда.
Интернет аукционуна 200 сомдук купюра коюлду.
Анын баштапкы баасы 150 доллар же 11 миң 900 сом.
Банкнота 7 нөлдөн турган серияга кирет, бирок ошол эле учурда анын «Үлгү» деген белгиси жок.
Белгилеп кетсек, катар номери жети нөлдөн турган банкноталар демонстрациялык
болуп саналат жана төлөө каражаты катары эсептелбейт.