Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат

Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат.

Бул тууралуу “Улуттук энергохолдингдин” төрагасы Талайбек

Байгазиев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү меморандумга

холдинг менен өзбекстандык компания ортосунда кол коюлду.

Жабдууларды чыгарууга өзбекстандык компания жооптуу болот.

Учурда каржылоо маселеси боюнча Кыргыз-Өзбек

өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.