Кыргызстанда 1-июндан тартып унааларды кайра каттоо арзандайт.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, тиешелүү токтомго
премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Улуттук кампания үстүбүздөгү жылдын
31-декабрына чейин созулат. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстан аймагына чет өлкөдөн
киргизилген транспортту каттоого 5 пайыздык жана кайра каттоо үчүн унаанын рыноктогу
орточо баасына жараша 0,3 пайыздык жыйым алынат. Арзандатылган унааларды
кайра каттоо – убактылуу акция. Андан улам, айдоочулар мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышы керек.