Кыргызстанга ири өлчөмдө кумшекер ташылып келет.
Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек,
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 15-майдан 30-сентябрга чейин
кумшекерди кошумча нарк салыксыз ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берүү
жөнүндө чечим кабыл алды. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга — 134,4 миң тонна жана
биздин өлкөгө — 40 миң тоннадан ашык эмес көлөмдө ташылып келет. Комиссия кеңешинин
чечими расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.