Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертет. Маалыматка ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот.

 

Аз камсыздандырылган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55 тыйынга чыгат. Ал эми бюджеттик колдонуучулар үчүн тариф учурдагы 2 сом 87 тыйындын ордуна 3 сом 76 тыйынды түзөт.

 

Ведомстводон белгилешкендей, эми Кыргызстанда электр энергияга болгон тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөртүлүп турат.