Чүй облусундагы жогорку чыңалуудагы “Алтын казык” көмөк чордонунун курулушу аяктоо алдында турат

Чүй облусундагы жогорку чыңалуудагы “Алтын казык” көмөк чордонунун курулушу

аяктоо алдында турат. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, объект “Дордой”,

“Эне-Сай”, “Дордой 2”, “Теңдик”, “Келечек”, “Мурас ордо” жана башка конуштарды

электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга жардам берет.

Белгилеп кетсек, подстанциянын курулушу совет маалында куруу пландалган.

Бирок каражаттын жетишсиздигинен долбоор токтотулган. Учурда “Түндүк электр”

курулуш иштерин толук өзүнүн каржатына жүргүзүп жатат