Энергетика министрлиги электр энергиясы үчүн тарифтерди күндүзгү жана түнкү кылып бөлүүнү сунуштады

Энергетика министрлиги электр энергиясы үчүн тарифтерди күндүзгү жана түнкү кылып бөлүүнү сунуштады. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, түнкүсүн калк үчүн электр энергиясы арзаныраак болот. Чиновник белгилегендей, энергетиктер жаңы эсептегичтерди  толугу менен орнотуп бүткөн соң, министрликте жаңы тарифтерди киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

 

Алсак, түнкүсүн жана эс алуу күндөрү башка баалар киргизилет. Жаңы тарифтик саясат май айында каралат деп күтүлүүдө.