Кыргызстанда жарандарды чектөөсүз тариф менен электр энергиясына өткөрүү кызуу жүрүүдө

Кыргызстанда жарандарды чектөөсүз тариф менен электр энергиясына өткөрүү кызуу жүрүүдө. “Улуттук электр тармактары” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 739 абонент жаңы тарифке кошулду.

 

Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна туура келет. Эске салсак, бул учурда электр энергиясынын баасы 1 киловатт-саатка 5 сом 4 тыйынды түзөт. Керектөөчү аны каалаган өлчөмдө жана каалаган максатта колдоно алат. Бир гана майнинг криптовалюталарына тыюу салынат.