Кыргызстанда 1-мартта чет элдик жарандар үчүн миграциялык амнистиянын мөөнөтү соңуна чыгат

Кыргызстанда 1-мартта чет элдик жарандар үчүн миграциялык амнистиянын мөөнөтү соңуна чыгат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, берилген убакыттын ичинде чет элдиктер Кыргызстан аймагынан виза жана каттоо жасатпай эле чыгып кетсе болот.

 

Авиациялык, темир жол жана транспорттук каттамдар калыбына келтирилип жатканын эске алуу менен министрлер кабинети “жашыл коридорду” жабат. Андыктан, чет элдиктерге 1-мартка чейин документтерин иретке келтирүү сунушталат.