Кыргызстан калкын каттоо бул ирет уюлдук тиркеме аркылуу жүргүзүлөт

Кыргызстан калкын каттоо бул ирет уюлдук тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Өнөктүктүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

 

Бул жылкы эл каттоонун айырмачылыгы абдан чоң, анткени,  2009-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак-жай каттоо өткөн. Ал убакта бардыгы кагаз түрүндө болду. Ар бир жаран колу менен толтурган да. Азыр болсо мобилдик приложение телефондо болот. Жарандар болсо суроолорго эле жооп берип турат.

 

Чиновник белгилегендей, аталган уюлдук тиркеме КМШ мамлекеттеринде биринчи жолу Кыргызстанда колдонулат.