Бишкекте быйыл 2 миңден ашык ийне жалбырактуу бак отургузулат

Бишкекте быйыл 2 миңден ашык ийне жалбырактуу бак отургузулат. Мэрия маалыматына ылайык, учурда ордо калаанын багбандары Масалиев көчөсүн бойлото арчаларды тигип жатат.

 

Буга чейин көчөттөр Курманжан Датка, Валиханов, Логвиненко, Орозбеков, Гагарин, ошондой эле Чүй жана Айтматов проспектилеринде пайда болду.